Капилеттен, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир коркунучка дуушар болгондой, коркунучту сезгендей катуу чочуп кетүү. Ошондо анын жүрөгү шуу дей түшүп, бир жамандыкты сезгендей болду (Акматов). Таабалды жүрөгү шуу дей түшүп, тык токтоду («Ала-Тоо»). Дачаны көздөй бурулган ак «Волганы» көргөндө эле Машраптын жүрөгү шуудей түшүп, шалдайып туруп калды (Казакбаев).
Капилеттен, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир коркунучка дуушар болгондой, коркунучту сезгендей катуу чочуп кетүү. Ошондо анын жүрөгү шуу дей түшүп, бир жамандыкты сезгендей болду (Акматов). Таабалды жүрөгү шуу дей түшүп, тык токтоду («Ала-Тоо»). Дачаны көздөй бурулган ак «Волганы» көргөндө эле Машраптын жүрөгү шуу дей түшүп, шалдайып туруп калды (Казакбаев). Менин бүткөн боюм дүрүлдөп, жүрөгүм шуу дей түштү (Мидин). Жүрөгү шуу этип, Батыштын көзү тунара түштү (Байтемиров). Атчан эки киши жетип келгенде жүрөгүм болк эте түштү (Абдукаримов). Дубалы урап, орду гана калган тамды көргөндө, бүткөн боюм шуу этип, санаам алда кайда кетти (Сасыкбаев). Акылайдын жүрөгү шуу этип, селтең эте түштү («Ала-Тоо»).